Быйыл Беловодское – Төлөк жолунун 10 чакырымы асфальтталат

Аймак 27 Август 2025 11:30
515929427_1082419927400086_6241129139531703809_n.jpg
538505560_1082419837400095_3524256314738872697_n (1).jpg
538699779_1082419840733428_3341601574648195394_n (1).jpg
539243721_1082419880733424_8458205040331103827_n (1).jpg
539765651_1082419930733419_1103705316741222018_n (1).jpg
539781519_1082419787400100_4795914282428950824_n (1).jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. Москва районуна караган Беловодское – Төлөк унаа жолунда асфальт төшөө иштери башталды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар № 28 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Белгилей кетсек, быйыл мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен жалпы 10 чакырым аралыкты асфальттоо каралып, курулуш иштери бардык жол салуу нормаларына жана белгиленген графикке ылайык жүрүп жатат.

Буга чейин Беловодское – Төлөк жолунун титулдук тизмеге киргизилген 3 чакырымына асфальт төшөлүп, жумуштар толук жыйынтыкталган.

Асфальт басуу иштери аяктаган соң жол кыймылы жеңилдеп, транспорт үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттар түзүлөт.