Быйыл Базар-Коргондо эскилиги жеткен 601 электр мамысы жаңыланат

Аймак 27 Апрель 2026 12:00
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
5.jpg
6.jpg
7.jpg
8.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
5.jpg
6.jpg
7.jpg
8.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Быйыл Базар-Коргон районунда эскирген 601 электр мамысы жаңыланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күндө Базар-Коргон РЭТинин кызматкерлери тарабынан 70 жаңы электр мамысы орнотулуп, 148 трансформатор жана 550 чакырым 10-0,4 кВ аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.

Аткарылган бул иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартууга, ошондой эле керектөөчүлөрдү туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.