Быйыл Баткенде күнүнө 500 тонна мунайды кайра иштеткен завод пайдаланууга берилет

Аймак 16 Апрель 2025 18:25
491127485_1211723980321055_768402247386213980_n.jpg
491274060_1211724023654384_1345363729726668182_n.jpg
491313886_1211723846987735_8454220772178195287_n.jpg
491589858_1211723916987728_2178681877466026858_n.jpg
491684933_1211723976987722_552368673873057244_n.jpg
491994309_1211723890321064_4503107574123734826_n.jpg
492100229_1211723810321072_5974869604541018677_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 16.04.25 /Кабар/. Баткенде курулуп жаткан мунай заводу Эгемендүүлүк күнүн утурлай пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн президенттин өкүлү Айбек Шаменов Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында курулуп жаткан заводдун курулушунан кабар алды.

Облус башчысы аталган ишкананын пайдаланууга берилүүсү үчүн жергиликтүү бийлик бардык жактан колдоо көрсөтөрүн айтты. Анткени, ири өнөр жай ишканасы аймактын өнүгүүсүндө чоң мааниге ээ.

Кыргыз-түрк биргелешкен заводу пайдаланууга берилсе АИ-92, АИ-95 бензини, дизелдик отун, битум, газ, автоунаа жана башка техникаларга пайдаланылуучу суюк майлар өндүрүлөт.

Ишканага сырьё Кадамжай районунун Бүргөндү аймагынан ташылып келинет. Завод күнүнө 500 тонна нефтини кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Анда 200 адам жумуш менен камсыз болот.

Ал эми мунайды өндүрүү (жер астынан казуу) объектисинде 250 жумуш оруну түзүлөт.

Мунайды кайра иштетүүчү ишканага 12 млн долларга жакын инвестиция салынды. Мында мунайды өндүрүү долбоорунун баасы 78 млн долларды түзөт.