Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Баткен облусунда электр тармактарын жаңылоо иштери башталды. Бул тууралуу "Баткен электр тармактар ишканасынан" билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл 60 чакырым электр чубалгысын алмаштыруу, 16,25 чакырым СИП зымын жаңы куруу пландалган. Ошондой эле 43,75 чакырым алюминий зымын СИП-2 жана СИП-3 кабелдерине алмаштыруу каралган.
Райондор боюнча аткарыла турган жумуштардын көлөмү:
- Кызыл-Кыя РЭТ: 17 чакырым;
- Сүлүктү РЭТ: 15,5 чакырым;
- Баткен РЭТ: 12,38 чакырым;
- Кадамжай РЭТ: 8,3 чакырым;
- Лейлек РЭТ: 6,82 чакырым.
Белгиленгендей, жумуштар март айынан ноябрга чейин этап-этабы менен жүргүзүлөт.