Быйыл атайын билим берүү уюмдарын оңдоп-түзөөгө 105,5 млн сом бөлүндү

Коом Загрузка... 10 Июль 2025 09:00
2.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. 2025-жылы балдардын билим алуусу жана жашоосу үчүн шарттарды жакшыртуу максатында өлкө аймагындагы бир катар жатак мектептерде жана атайын билим берүү уюмдарында капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда, - деди агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева маалымат жыйынында.

Министрдин айтымында, буга республикалык бюджеттен 105,5 млн сом бөлүндү.

"Бөлүнгөн каражаттардын эсебинен имараттардын чатырлары алмаштырылып, жылытуу системалары, суу түтүктөрү жана электр чубалгылары оңдолот, санитардык түйүндөр жана ички бөлмөлөр жаңыланат.

Бул иштердин сапаты жана өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү тыкыр көзөмөлгө алынат. Ишти так, жоопкерчилик менен жүргүзүү – жалпы системанын ийгилигинин негизи”, – деди министр.

Жыйындын жүрүшүндө Кендирбаева комплекттөө маселесине да токтолуп: "Аз комплекттүү класстарды ачууга жол берилбеши керек", – деп баса белгиледи.