Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Быйыл Араванда пахта техниканын жардамы менен арзан жыйналууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйылкы жылы "3+2+1" долбоорунун негизинде Араван районунда бирдиктүү үрөн чарбасы тандалып, жалпы 1 115 гектар аянтка пахта эгилген. Азыркы учурда түшүм жыйноо иштери кызуу жүрүүдө.
Бул жылы пахта терүү иштери Кытайдан алынган заманбап пахта жыйноочу комбайндар менен жүргүзүлүүдө. Эгерде былтыркы жылы кол менен терүү баасы 1 килограммы 17 сомдон болуп, дыйкандар үчүн чыгымдуу болгон болсо, быйыл комбайн менен терүү баасы 4 сомдон жүргүзүлүп, бул дыйкандарга чоң жеңилдик жаратууда.
Мындан тышкары, Араван районунда дыйкан-фермерлер үчүн талаа күнү өткөрүлүп, анда жаңы ыкма менен эгилип жана жыйналып жаткан пахта боюнча агротехникалык ыкмалар, түшүмдүүлүктү жогорулатуу жолдору жана заманбап технологиялар тааныштырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү тарабынан дыйкандарга методикалык жардам жана консультациялык колдоо көрсөтүлдү.