Быйыл Араванда ипотекалык үйлөр курулат – Кенжебаев

Аймак Загрузка... 15 Май 2026 13:20
6_cabBaD7.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Быйылкы жылга Араван районунан 15 гектар жер бөлүнүп, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 5 миңге жакын батир салынат. Бул тууралуу Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев аймактагы Гүлистан айыл аймагынын тургундары менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, бийиктикке өсүү багытында МИКке кезекке туруп батир алган жарандар 25 жылдын ичинде төлөп кутулса болот.

“Кезек менен Ноокат районун эли курулган батирлерден алса болот. Ош облусу боюнча айтсам, Кара-Суу районунда 47 гектар жерге МИК аркылуу 30 миң батир салынат. Алайга 5 кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталганы турат. Ал эми Араван районунда 11 гектар жер бөлүп жатабыз. Быйылкы жылы 3 миң батир салынып бүтүп калды. Өзгөн районунда 15 гектар жер бөлүнүп, ал жерге да МИК аркылуу үйлөр курулат”,- деп билдирди облус башчысы.