Быйыл Арашан – Чуңкурчак жолунун 22 чакырымы асфальтталат

Аймак 10 август 2025 17:15
529730338_1067441072231305_3407429748729838191_n.jpg
528217570_1067441148897964_9017536082818059463_n.jpg
528761997_1067441065564639_5367317856665582778_n.jpg
528993744_1067441145564631_4164013505523517421_n.jpg
529400882_1067441068897972_3535947782641723758_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 10.08.25. /Кабар/. 2025-жылы Арашан – Чуңкурчак унаа жолу толук асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда 0-22 чакырымдар аралыгында суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, бак-дарактарды кыюу, жол негизин даярдоо жана кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Ошондой эле 6-18-чакырымдагы көпүрөлөрдүн реконструкциясы башталып, айдоочулар үчүн убактылуу айланып өтүүчү жол курулууда.

Аталган долбоордун алкагында 2 чоң көпүрөнүн курулушу, 46 суу өткөрүүчү түтүк, калктуу конуштарда тротуар жана аялдамалар каралган.

Асфальт төшөө жумуштары пландалган мөөнөттө аяктоо үчүн, жол курулушунан алыс эмес жерде асфальт-бетон заводу орнотуу иштери кызуу жүрүүдө.

Арашан – Чуңкурчак авто жолунун курулушу ушул жылы толук аяктоо пландалууда. Долбоор аяктагандан кийин Чуңкурчакка баруу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, учурдагы таш жол эки тилкелүү, заманбап асфальт жолго айланат.