Жыл аягында "Жыргалаң" тоо-лыжа курорту ишке берилет

Президент Загрузка... 27 Февраль 2026 14:58
WhatsApp Image 2025-12-22 at 14.56.21 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы эң ири "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин биринчи фазасы быйыл декабрда ишке берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

Президенттин айтымында, бардык сезонду камтый турган бул долбоор жаңы туризм тармагын түзүп, миңдеген жумуш орундарын камсыздайт.

"Ошондой эле долбоор өлкөнү эл аралык туристтик жагымдуулуктун жаңы деңгээлине чыгарат. Буйруса ушул жылдын декабрь айында тоо-лыжа кластеринин биринчи фазасы - Жыргалаңды ишке беребиз. Мында лыжа трассасынын узундугу 120 чакырымды түзөт", - деди президент.

Эскерте кетсек, бүгүн "Ынтымак Ордодо" президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча республикалык кеңешме өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле район акимдери катышты.