Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан быйыл ишке берилүүчү 5 объектиге 50 млн доллардан ашык инвестициялык каражат жумшалат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов билдирди.
Анын айтымында, долбоорлор тышкы жана ички инвесторлордун жардамы менен ишке ашырылмакчы.
“Быйыл өлкө боюнча ишке берилүүчү жалпы ишканалардын ичинде “Кыргыз көмүр” ишканасы 5 көмүр казуу объектисин пайдаланууга берет. Алар Жалал-Абад облусундагы “Тегене” (57 млн тонна) менен “Маркай” (8,2 млн тонна), Ош облусундагы “Бешбурхан” (45,1 млн тонна) менен “Кожо-Келең” (55 миң тонна), ал эми Баткендеги “Сүлүктү 11-талаа” (82,7 млн тонна) көмүр казуучу жайлары. Учурда “Сүлүктү 11-талаанын” 30-40 пайыз, “Тегене” объектисинде 30 пайыз техникалары келип калды. Жылдын аягына чейин казуу жумуштары, техникалык долбоорлор бүтүп, ишке кирет”,- деди Кайрат Маматов.
“Кыргыз көмүр” жетекчиси планга ылайык, жаңы объектилерде алгач 10-20 миң тоннадан көмүр өндүрүлүп, кийинки жылдары көлөмү өсөрүн кошумчалады.
“Жаңы ачылган объектте дароо эле көмүр казылып баштайт деп түшүнүүгө болбойт. Алгач кыртыштарды ачуу, алдын ала даярдоо жумуштары жүргүзүлөт. Техникалык долбоорлор бүткөн соң, кыртыш иштери бүткөрүлүп, андан кийин канча көлөмдө көмүр чыкса ошону казып алууга жылдын аягына чейин аракет кылабыз”,- деди ал.