Быйыл 387 этникалык кыргызга кайрылман макамы берилди — Кабар

Быйыл 387 этникалык кыргызга кайрылман макамы берилди

Коом 10 август 2026 10:55
425609.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын жети айында 387 этникалык кыргызга кайрылман макамы берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кайрылман макамын алгандардын 351и Тажикстандан, 16сы Өзбекстандан, 10у Кытайдан, 5и Россиядан, бирөө Афганистандан жана төртөө башка өлкөлөрдөн келген.

Белгиленгендей, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өлкөгө 90 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келген. Алардын 70 миңге жакыны Кыргызстандын жарандыгын алган.

Кайрылман макамы үч жылга берилет. Бул мезгилде анын ээси Кыргызстандын жарандыгын алууга арыз берүүгө укуктуу. Кайрылмандар социалдык жөлөк пул, пенсия, медициналык жардам жана билим алуу сыяктуу укуктардан пайдалана алышат.