Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Быйыл 28 соцобъекттин курулушу бүтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу билдирди.
Анын айтымында, анын ичинен мектеп -17, оорукана-3, бала бакча- 6, спорттук мекеме – 2.
“Жыл соңуна чейин 200 соцобъекттин курулушун бүтүрүшүбүз керек. Анын ичинен 80нин 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө бүтүрөбүз”,-деди ал.