Ташкент, 01.06.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн муфтиятынын жетекчиси Нуриддин Холикназар менен телефон аркылуу сүйлөшүп, быйылкы ажылык сапарына байланыштуу уюштуруу иштерин талкуулады, деп билдирет мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.
Мамлекет башчысы Сауд Аравиясында ажылык амалдарын аткарып жаткан 15 миң өзбекстандык жарандын шарты, саламаттыгы жана жалпы маанайы тууралуу маалымат алды.
Муфтийдин билдирүүсүнө ылайык, бардык зыяратчылар аман-эсен барып, бардык уюштуруучулук чаралар көрүлгөн. Аларга 300дөн ашык топ башчылар, 50 дарыгер, ашпозчулар жана башка кызмат көрсөтүүчүлөр коштоп жүрүшөт. Арафат өрөөнүндө өзбек тараптын өтүнүчү менен күндүн ыстыгынан сактай турган, муздаткыч жабдуулар, төшөк жана килемдер менен жабдылган атайын чатырлар орнотулган.
Ошондой эле, ажылыкка даярдык быйыл өзгөчө деңгээлде жүргүзүлгөнү белгиленди.
«Өз кезегинде президент Мирзиёев бардык ажыларга каалоо-тилектерин жолдоп, алардын кайтып келгенден кийин өз махаллаларында коомдук ынтымакты бекемдөөгө, муктаждарга жардам берүүгө жана жаштарды тарбиялоого салым кошооруна ишеним билдирди»,- деп айтылат маалыматта.