Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Бишкекте египеттик жарандарга бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-ноябрда М.Ж. жана С.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чет элдик жарандарга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган. Себеби, алар Рухий Мурас-1 конушунда анын денесине залал келтиришкенин билдирген.
Аталган факты боюнча Октябрь РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан "Бейбаштык" беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, жабырланычууларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Андан кийин милиция кызматкерлери тарабынан 2005-жылы туулган М.С., 2006-жылы туулган С.А. аттуу жарандар кармалып, Бишкек шаарыдык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери уланууда.