БУУӨП Жогорку Кеңештин санариптештирүү жана реформалоо аракеттерин жогору баалады

Коом Загрузка... 16 Июнь 2026 11:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьеваны кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен БУУӨПтүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечектеги артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Марлен Маматалиев БУУӨП өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүп келген ишенимдүү өнөктөштөрдүн бири экенин белгилеп: "Биз Бириккен Улуттар Уюмун жана анын Өнүктүрүү программасын туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга, мамлекеттик институттарды чыңдоого жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган демилгелерди ишке ашырууда маанилүү өнөктөш катары баалайбыз", - деди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы тууралуу да сөз болду.

Марлен Маматалиев бул жетишкендик өлкөнүн тышкы саясаттагы ийгиликтеринин жана эл аралык коомчулуктун Кыргызстанга болгон ишениминин айкын далили экенин белгилеп, өлкө дүйнөлүк тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча эл аралык аракеттерге активдүү катышууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештеги Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борборунун ишмердүүлүгү тууралуу да сөз болуп, төрага аталган институтту күчтөндүрүү менен мыйзам чыгаруу органынын ишин алдыга жылдырууга өзгөчө басым жасалып жатканына токтолду. 

Өз кезегинде Александра Соловьева Кыргызстан менен кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, туруктуу өнүгүү багытындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин кошумчалады.

Ошондой эле Жогорку Кеңеште жүргүзүлүп жаткан соңку реформаларга, анын ичинен парламенттин ишин санариптештирүү жана ченемдик укуктук актыларды кодификациялоо жаатындагы аракеттерге жогору баасын берип, бул багытта да биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.