БУУнун кайрымдуулук базарында Кыргызстандын баалуулуктары тааныштырылды

Коом Загрузка... 06 Июнь 2025 10:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек 06.06.25 /Кабар/. Кечээ, 3-июнда Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында өткөн Эл аралык кайрымдуулук базарында (United Nations International Bazaar) Кыргызстандын павильонун тааныштырды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул иш-чарага 55тен ашык чет элдик миссиялар, уюмдар жана агенттиктер катышып, өздөрүнүн улуттук көргөзмөлөрүн жана кулинардык бурчтарын уюштурушту. Иш-чарага жалпысынан 500дөн ашуун мейман келди.

Кыргызстандын Туруктуу өкүлчүлүгү конокторго териден жана кийизден жасалган кол өнөрчүлүк буюмдарын, кыргыз элинин тарыхый жана руханий мурастарын чагылдырган сувенирлерди сунуштады. Айрыкча, улуттук ашкананын бешбармак, манты, боорсок жана тандыр нан, ошондой эле көчмөндөрдүн суусундуктары – чалап жана жарма сыяктуу тамак-аштары чоң кызыгуу жаратты. Мындан тышкары, жергиликтүү балдын түрлөрү – тоо балы, ак бал, чөптөн жасалган бал жана табигый кошулмалары бар (грек жаңгагы, бадам, фисташка, кешью) балдын түрлөрү сунушталды.

Сатыктан түшкөн бардык каражаттар кайрымдуулукка – балдарга, аялдарга жана Кызыл Жарым Ай коомунун, “Чек арасыз дарыгерлер” жана башка уюмдарынын катарындагы дарыгерлерге жардам катары жумшала турган болду. Бириккен улуттар уюмунда мындай иш-чараларга катышуусу менен чет өлкөлүк өнөктөштөр Кыргызстандын чексиз мүмкүнчүлүктөрү жана уникалдуу табияты менен таанышышат жана өлкөнүн эл аралык деңгээлде таанымал болуусуна өбөлгө түзөт.