Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) эксперттери 2027-жылы токой өстүрүү иштери жүргүзүлө турган Орток токой чарбасындагы 100 гектар аянт менен таанышты.
Токой кызматынан билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө ФАОнун эл аралык токой эксперти жана адистери Кадуу бөлүмүнүн Ой-Тал участогуна барып, жердин абалын жана аймактын мүмкүнчүлүктөрүн баалашты.
Тараптар 100 гектар аянтка токой отургузуунун багыттарын, жердин өзгөчөлүктөрүн жана долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Эксперттер тандалган аймактын долбоорду ишке ашырууга ылайыктуулугуна оң баа беришти.