Буранадан Суусамырга чейин: Чүйдө туризмди системага салуу пландалууда

Аймак Загрузка... 13 Январь 2026 15:00
WhatsApp Image 2026-01-13 at 11.43.30 (2).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. 2025-жылы Чүй облусунун аймагынан ички жана тышкы туристтерди кошкондо 10 миллионго жакын турист өткөн. Бул тууралуу Чүй облустук администрациянын бүгүнкү жыйынында маалымдалды.

Бирок, тилекке каршы бул агымды бүгүнкү күндө облустун жашоочулары жана аймак максаттуу жана натыйжалуу пайдалана албай жатканы айтылды.

“Мисалы, Кемин, Ысык-Ата, Сокулук жана Москва райондорунда эс алууга ыңгайлуу, туристтик потенциалы жогору аймактар бар, бирок шарттардын жоктугунан туристтердин агымы аз. Суусамыр өрөөнүнүн туристтик мүмкүнчүлүгү абдан чоң болгону менен ал жакта да чечилбеген маселелер арбын. Токмок шаарындагы Бурана мунарасы учурда өзүнүн туристтик потенциалын толук кандуу пайдалана албай жатат. Туристтик агым аз, ал эми айланасындагы аймак туура пландаштырылбай, жаңы туристтерди тартууга багытталган системалуу иш-аракеттер жетишсиз болууда”, - деди президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов.

Ал эми акыркы жылдары Аламүдүн районундагы Ала-Арчага алып баруучу жолдун боюнда вело-жолдордун курулушу, Чуңкурчакка баруучу жаңы жолдун салынышы үлгү катары айтылды.

Белгилей кетсек, Чүй облусунда туристтик жайлар, табигый кооз жерлер арбын болгондуктан, аймакта туризмди өнүктүрүү чакан бизнести өстүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү элдин кирешеси көбөйтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.