Буранада Балдарды коргоо күнүнө карата иш-чара өтөт

Маданият Загрузка... 28 Май 2026 10:40
WhatsApp Image 2026-05-28 at 09.16.28 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата "Музей – келечекти тарбиялоочу жай" аттуу маданий-агартуу иш-чарасы өтөт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 2026-жылдын 1-июнунда саат 09:00дө "Бурана мунарасы" археологиялык-архитектуралык комплексинин аймагында өткөрүлөт.

"Анын максаты жаш муунду тарыхый мурастарды урматтоого, мекенчилдикке жана улуттук баалуулуктарды аздектөөгө үндөө болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Программанын алкагында балдар үчүн музей менен тааныштыруу экскурсиялары, кызыктуу оюн-зооктор, таанып-билүүчү иш-чаралар жана чыгармачылык программалар уюштурулат. Катышуучулар музей экспонаттары аркылуу элибиздин тарыхы, маданияты жана мурасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Уюштуруучулар бардык балдарды жана ата-энелерди майрамдык иш-чарага чакырат.