Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. “Кызмат” мамлекеттик мекемеси жарандар булуттук электрондук кол тамганы кантип оңой алса болорун түшүндүрдү.
Маалыматта белгиленгендей, жарандарга бул үчүн “Түндүк” тиркемеси жардамга келет.
Тиркемеге кирип, “профиль” бөлүмүнөн “менин электрондук кол тамгам” баскычын басуу керек. Андан соң керектүү маалыматтарды толтуруу зарыл. Ошондой эле өзүңүздү сүрөт аркылуу ырастап, электрондук почтаңызга келген кодду киргизиңиз.
Мына ушундай эң жөнөкөй кадамдар менен булуттук электрондук кол тамга алууга болот.
“Кызмат” мамлекеттик мекемеси үйдөн чыкпай эле ушул сыяктуу онлайн кызматтарды пайдаланууну сунуштайт.