Бул жумада кыргызстандыктарды кыска иш жумасы күтөт

Коом 18 март 2025 16:02
Бул жумада кыргызстандыктарды кыска иш жумасы күтөт

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Бул иш жумалыгы кыргызстандыктар үчүн кыска болот.

Быйыл Нооруз майрамы жума күнгө туш келди. Бул календарда кызыл күн катары белгиленген.

Ага ылайык, беш күндүк иш жумасында иштеген кыргызстандыктар 21-марттан 23-мартка чейин эс алышат.

Кошумчалай кетсек, бейшемби майрам алдындагы күн болгондуктан, иш күнү бир саатка кыскарат.