Бишкек, 29.11.25 /Кабар/. Бул жолку шайлоодо инклюзивдүүлүк жогорулады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров эл аралык байкоочуларга алдыдагы шайлоо жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.
Анын айтымында, 18 жашка толгон ар бир жаран добуш берүүгө укуктуу. Ал эми мыйзамда көрсөтүлгөн жашка келгендер мамлекеттик же жергиликтүү бийликке талапкер болуп чыга алышат. Бул укук баарына бирдей — жынысына, улутуна, майыптыгына, билими же динине карабай колдонулат.
Ал ошондой эле быйыл инклюзивдүүлүккө өзгөчө көңүл бурулганын айтып жатып, округдардагы аял талапкерлердин санына токтолду.
“Кээ бир округдарда 3–4, айрымдарында 5–7, ал эми төрт округда 10–11ге чейин аял талапкер катышып жатат.
Ошондой эле 25–35 жаштагы 50 жаш талапкер бар. Алар бардык талапкерлердин 11% түзөт. Булардын 35и эркек жана 15и аял.
Майыптуулугу бар 16 талапкер бар. III топтогу - 4 талапкер жана I жана II топтордон 12 тапапкер шайлоого аттанды.
Шайлоо төгүмү 300 миңди түзсө, майыптыгы барлар үчүн III топтогуларга - 70 миңди, ал эми I жана II топтогулар үчүн 50 миң сомду түздү”,-деди төрага.