Бул ирет мурунку шайлоого салыштырмалуу 200 миң киши көп келди — Шайназаров

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 16:35
WhatsApp Image 2025-11-30 at 14.59.49 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Быйылкы шайлоого 2021-жылдагы шайлоого салыштырмалуу 200 миңден ашык шайлоочу катышып жатат. Бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоо тууралуу 16:00гө карата маалымат берип жатып билдирди.

Ал кайсы округдарда шайлоочулар көп келип жатканын, ал эми округдарда аз экенин да белгиледи.

“Саат 16:00гө карата жалпы 1 млн 73 миң 444 шайлоочу добуш берди. Бул — 25% дегенди билдирет. 30 шайлоо округунун ичинен 1-, 10-, 13- жана 30-округдарда катышуу 30%дан ашты. Ал эми 20%дан төмөн болуп жаткандар — Аламүдүн округу, Бишкектеги Ленин, Биринчи Май, Октябрь жана Свердлов райондорунун округдары”, — деди ал.

Ошондой эле ал бул сааттарга карата 2021-жылдын көрсөткүчтөрү жөнүндө да айтып өттү.

“Эгер 2021-жылдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоосу менен салыштыра турган болсок, ошол жылы саат 16:00гө карата 813 миң 176 же 22,47% добуш берүүчү катышкан. Өзүңүздөр байкагандай, бул жолу 200 миңден ашык шайлоочу көбүрөөк катышып жатат”, – деди БШК төрагасы.