Бухгалтерлердин отчетторунун баары санариптештирилет

Коом Загрузка... 29 Май 2025 18:12
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.05.25 /Кабар/. Бухгалтерлердин отчетторунун баары санариптештирилет. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында юстиция министри Аяз Баетов билдирди.

Анын айтымында, Финансы министрлигине кагаз түрүндө бухгалтердик отчет берүүдөн таптакыр баш тартуу сунушталууда. Эми бардык зарыл болгон финансылык документтер электрондук түрдө гана түзүлөт.

“Бул убакытты, ресурстарды үнөмдөйт жана жергиликтүү бийлик органдары үчүн да, республикалык структуралар үчүн да процесстерди жөнөкөйлөтөт. Азыр кагаз түрүндө берилген отчетторду, электрондук түрүндө дагы берип, бирин-бири кайталоодо. Бизде дагы эле компьютерде отчет түзүү, андан кийин аны кайра кагазга чыгарып, тиркелип, сакталат. Бул өзгөчө каржы бөлүмдөрүнүн убактысын алат жана чыгым дагы болушат”,-деди ал.