Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы 13-августта күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл менен Нарын чөлкөмүнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Талас облусунда +32...+37, Ысык-Көл облусунда +20...+25, Нарын облусунда +23...+28 градус ысыйт.
Ал эм Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүн табы Бишкекте 35...+37, Ошто +34...+36 жана Чолпон-Атада +23...+25 градуска жетет.