Бүтүндөй Борбор Азияда жок: Президент “Баластан" борборуна барды

Президент 11 сентябрь 2026 20:00
IMG_7781.jpeg
IMG_7782.jpeg
IMG_7783.jpeg
IMG_7780.jpeg
IMG_7779.jpeg
IMG_7778.jpeg
IMG_7777.jpeg
IMG_7776.jpeg
IMG_7775.jpeg
IMG_7774.jpeg
IMG_7773.jpeg
IMG_7772.jpeg
IMG_7771.jpeg
IMG_7770.jpeg
IMG_7769.jpeg
IMG_7766.jpeg
IMG_7768.jpeg
IMG_7767.jpeg
IMG_7765.jpeg
IMG_7764.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_7781.jpeg
IMG_7782.jpeg
IMG_7783.jpeg
IMG_7780.jpeg
IMG_7779.jpeg
IMG_7778.jpeg
IMG_7777.jpeg
IMG_7776.jpeg
IMG_7775.jpeg
IMG_7774.jpeg
IMG_7773.jpeg
IMG_7772.jpeg
IMG_7771.jpeg
IMG_7770.jpeg
IMG_7769.jpeg
IMG_7766.jpeg
IMG_7768.jpeg
IMG_7767.jpeg
IMG_7765.jpeg
IMG_7764.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы “Баластан” балдар оюн-зоок борборуна барды.

Иш-чаранын башында президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова үчүн "Маш ботой" күүсүн аткарган балдар бий ансамблинин жана жаш комузчулардын катышуусунда чакан концерттик программа тартууланды.

Андан соң президент борбордогу IT-мектепти кыдырып, балдарды заманбап санариптик көндүмдөргө окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды.

“Баластан” балдар үчүн эс алуу жана оюн-зоок мүмкүнчүлүктөрү билим алуу жана ар тараптуу өнүгүү менен айкалышкан заманбап көп функционалдуу жай болуп саналат.

Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизине “оюн аркылуу билим берүү” принциби коюлган. Бул жерде балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмдөрүн, баарлашуу жана социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы билимдерге жана технологияларга кызыгуусун арттырууга шарттар түзүлгөн.

1,7 гектар аянтта ар кандай оюн жана өнүктүрүү зоналары, аттракциондор, амфитеатр, мультимедиялык мейкиндиктер, ошондой эле STEAM-академия жайгашкан. Анда балдар илим, технология, инженерия, искусство жана математика багыттарында билим алып, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрө алышат.

Борбор интерактивдүү роботтор, заманбап LED-экрандар жана мультимедиялык жабдуулар менен да камсыздалган. Ошондой эле купол түрүндөгү көп функционалдуу зал, аттракциондор жана 6D жана 9D форматындагы көрүү залдары каралган.

Ачылыш аземинин жүрүшүндө президент Садыр Жапаров борбордун инфраструктурасы менен таанышып, оюн-зоок, билим берүү жана өнүктүрүү зоналарын көрүп чыкты. Ошондой эле заманбап жабдуулардын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.

Мамлекет башчысына борбордун концепциясы тууралуу маалымат берилип, анын негизги максаты балдардын убактысын мазмундуу өткөрүүсүн уюштуруу жана алардын интеллектуалдык, физикалык жана чыгармачылык жактан өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү экендиги айтылды.

Борбор бир учурда 3 400 балага чейин кабыл ала алат. “Баластан” Талас шаарынын тургундары жана шаарга келген коноктор үчүн ачык болуп, балдарга бош убактысын кызыктуу өткөрүү менен бирге жаңы билимдерди алууга, жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана заманбап көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен жана Талас облусун өнүктүрүү фондунан 1 млрд 750 млн сом бөлүнгөн.