Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Кыргызстанга келет

Саясат Загрузка... 21 Июль 2025 10:40
WhatsApp Image 2025-07-18 at 13.21.11 (1).jpeg
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. 23-24-июлда Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Расмий сапардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жана жолугушуулар мерчемделген. Атап айтканда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Анда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашат.