БШК төрагасы Түштүк Кореяда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту

Коом Загрузка... 23 Август 2025 21:03
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon БШК

Бишкек, 23.08.25. /Кабар/. Бүгүн, 23-августта Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинин колдоосу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Түштүк Кореядагы кыргыз жарандары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

БШКнын маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр тууралуу кеңири маалымат берилди.

Айрыкча чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарынын шайлоо процесстерине катышуусу, ошондой эле шайлоолордун ачыктыгын, айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган чараларга өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын алкагында жарандардын добуш берүү процессин жеңилдетүү максатында жаңы шайлоо жабдуулары көрсөтүлүп, добуш берүү тартиби демонстрацияланды. Бул жарандарга шайлоо процесси тууралуу кеңири жана практикалык түшүнүк алууга шарт түздү.

Ошондой эле жолугушууда жарандар кызыктырган суроолоруна жоопторду алып, чет өлкөдө шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча сунуштарын билдиришти.

Өз кезегинде Тынчтык Шайназаров Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаиловага жана элчиликтин кызматкерлерине мындай маанилүү жолугушууну уюштургандыгы үчүн ыраазычылыгын айтты.

Борбордук шайлоо комиссиясы чет өлкөдө жашаган кыргыз жарандарынын шайлоо процесстерине толук кандуу катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча иштерди мындан ары да улантарын белгиледи.