БШКнын төрагасы аралыктан добуш берүүнү өзүнүн мисалында көрсөтүп берди

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 14:54
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Борбордук шайлоо комиссиясы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров аралыктан добуш берүү процедурасын баштан аяк өзүнүн мисалында көрсөтүп, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы № 9134 шайлоо участогунан добуш берди. Бул тууралуу маалымат БШКнын сайтына жарыяланган.

Белгиленгендей, аралыктан добуш берүүдө шайлоочу 3 документтин бири менен добуш бере алат – эл аралык паспорт, ички ID паспорту жана “Түндүк” тиркемеси аркылуу.

Маалымдалгандай, Т.Шайназаров аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланганынын себеби, ал шайлоочу катары Ош облусунун № 8 шайлоо округунда катталган.

“Жалпысынан добуш берүүгө 1 минутка жетпеген убакыт кетти. Аппарат 12 саатта 720 шайлоочуну тейлегенге жетишет. Бюллетень үчүн кагазы түгөнүп калса, кагазды салууга 3-4 секунд гана кетет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, БШК төрагасы бүгүнкү шайлоодо колдонулуп жаткан жабдуу кайталап добуш берүү сыяктуу мыйзам бузууга таптакыр жол бербей тургандыгын айтты. Мисалы, Шайназаров добуш бергенден кийин башка шайлоо участогуна барып, дагы бир ирет добуш берүү аракетин жасады. Бирок, аппаратта кызыл түс күйүп, шайлоочу буга чейин башка тилкеде добуш берген деген маалыматты берип, кайра добуш берүүсүнө бөгөт койду.

Ошондой ал шайлоочуларга добуш бергенден кийин бюллетенди урнага бүктөбөй салуу керектигин эскертти. БШК төрагасы бул шайлоого 58 өлкөдөн 778 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөндүгүн кошумчалады.