Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирип, жети талапкер арыз тапшырды. Бул тууралуу Боршайкомдун сайтындагы жаңыланып турган маалыматтан көрүүгө болот.
Күн мурун талапкерлигин өзүн-өзү кѳрсѳтүү тартибине ылайык, Элвира Сурабалдиева, Ахмеджан Мамадумаров, Азамат Абсатаров, Мураталы Керимбаев, Асел Набиева, Улукбек Карыбек уулу жана Болот Ибрагимов арыз берген.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 90 депутаты 5 жылдык мөөнөткө мажоритардык система менен 30 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат. Ар бир округдан үчтөн депутат мандат алат. Шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш бере алат. Саясий өнөктүк 30-ноябрда ѳтѳт.