БШКга 36 арыз-даттануу келип түштү – Жылкыбаев

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 10:05
WhatsApp Image 2025-11-30 at 09.35.48.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Боршайкомдун алдындагы жумушчу топко жалпысынан 36 арыз-даттануу келип түштү. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул арыздарды категорияларга жараша бөлүп караганда, добуш сатып алуу боюнча – 3, үгүт иштеринин тартибин бузуу – 20, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу – 2, жалган жалаа делген – 6 арыз, дагы башка мааниде 4 арыз түштү.

Буларды региондор боюнча бөлүп алсак: Бишкек – 6, Баткен – 8, Жалал-Абад – 1, Ысык-Көл – 5, Нарын – 1, Ош – 4, Талас – 1, Чүй – 9.

Жалпы 29 талапкерге 436 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

“Бул бүгүнкү күнгө чейинки маалыматтар. Дагы арыз-даттануулар БШКга азыр да келип түшүүдө. Алар каралып, тиешелүү чечимдер чыгарылат”, - деп кошумчалады Узарбек Жылкыбаев.