БШКда элчилерге жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө шайлоо жабдуулары көрсөтүлдү

Шайлоо 21 Октябрь 2025 10:05
img_0254.jpg
01.jpg
img_0259.jpg
02.jpg
04.jpg
03.jpg
05.jpg
001.jpg
Алдыга
Артка
img_0254.jpg
01.jpg
img_0259.jpg
02.jpg
04.jpg
03.jpg
05.jpg
001.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon БШК

Бишкек, 21.10.25. /Кабар/. Күн мурун Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Япония, Швейцария, Корея, Венгрия, Индия, Түркия, Кытай жана башка мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык боюнча маалымат берди.

Дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү негизги уюштуруучулук жана укуктук аспектилер, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу чаралары, эл аралык байкоо жүргүзүү, ошондой эле аралыктан добуш берүү технологияларын колдонуу маселелери менен таанышышты.

Ошондой эле алар жеке маалыматтарды коргоо, алдын ала жана расмий жыйынтыктарды эсептөө тартиби, шайлоо күрөөсү жана аралыктан добуш берүүнүн техникалык процедуралары тууралуу суроолорду беришти.

Жолугушуунун соңунда катышуучулар шайлоо жабдууларынын иши менен таанышып, аралыктан добуш берүү процесси кандай жүрөрүн көрүштү жана анын иштөө мүмкүнчүлүктөрү боюнча толук маалымат алышты.