Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. 2025-жылдын 1-октябрына карата 4 млн 287 миң 222 шайлоочу бар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирип, ЖК депутаттарын шайлоо эрежелери менен бөлүштү.
Анда белгиленгендей, өлкөнүн парламентине 90 депутат 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бардык депутаттар мажоритардык система боюнча көп мандаттуу округдардан шайланышып, ар бири үчтөн депутатты шайлаган 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлөт. Шайлоочулар бир гана талапкерге добуш берүүгө укуктуу. Шайлоочу өзү тандаган бир гана талапкер үчүн тиешелүү чарчыга же баарына каршы деген чарчыга белги коёт.
Ошондой эле көп мандаттуу шайлоо округу 142 миң шайлоочу бар орточо санда түзүлөт. Өкүлчүлүктүн орточо нормасынан 20% ашпаган чектөөгө жол берилет. Кыргызстандын чегинен тышкары жашаган же тышында жүргөн шайлоочулар өлкөнүн ичиндеги көп мандаттуу шайлоо округдарына бекитилет.
Ал эми депутаттарды талапкерликке көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга берилген. Саясий партиялар ар бир шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди көрсөтө алышат жана алар өкүлчүлүк боюнча талапты сактоого милдеттүү. Башкача айтканда, талапкерлердин жалпы санынын 70%дан ашпаганы бир жыныстагылар болушу керек. Аталган шайлоо округу боюнча талапкер катары өзүн-өзү көрсөтүү БШКга арыз берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Талапкер бир гана шайлоо округуна көрсөтүлүшү мүмкүн. Добуш берүүгө катышкан тиешелүү шайлоо округунун шайлоочуларынын добуштарынын эң көп санын алган үч талапкер көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланды деп таанылат. Эгерде талапкерлер алган добуштардын саны боюнча тең чыкса, каттоо үчүн документтеринин толук топтомун датасы жана убактысы боюнча мурда тапшырган талапкерлер каралат.
Тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча мандаттарды бөлүштүрүүдө бир жыныстагы өкүлдөргө экиден ашык мандат берилиши мүмкүн эмес. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоодо 30дан кем эмес мандат бир жыныстагы депутаттарга таандык болот.
Андан сырткары депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда шайлоо өткөрүлбөйт жана депутаттык мандат БШКнын чечими боюнча гендердик квоталарды эске алуу менен, эң көп добуш алган кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет. Көп мандаттуу шайлоо округдар боюнча ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо бошогон депутаттык мандатты ээлөөгө талапкер жок болгон учурда өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, өлкөдө ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрга белгиленген. Бүгүнкү күндө шайлоодо ат салыша турган талапкерлердин саны 250дөн ашты.