БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына 34 талапкерди каттады

Шайлоо Загрузка... 06 Ноябрь 2025 10:29
photo_1_2025-11-05_19-25-45.jpg
copyright icon Борбордук шайлоо комиссиясы

Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. 5-ноябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттыгына 34 талапкер катталды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерди каттоо тууралуу чечим Боршайкомдун жыйынында кабыл алынды.

Аталган талапкерлердин шайлоо документтери талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ тарабынан каралып, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган.

Эми катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.