БШК төрагасы №13 округдагы кайра шайлоодо мыйзамды так сактоого чакырды

Шайлоо Загрузка... 05 Февраль 2026 15:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon БШК

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Ноокен районунда №13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоо өткөрүүгө карата кеңешме өткөрдү.

Боршайкомдон билдиришкендей, кеңешмеге президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.

Жыйында Тынчтык Шайназаров 1-мартка дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүдө шайлоо процессине катышкан бардык тараптар шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сакташы зарыл экендигин баса белгиледи.

"Өткөн шайлоодо принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр, автоматтык эсептөөчү урналар жана видеокөзөмөл жабдыктары колдонулган. Бирок, ага карабай, №13 шайлоо округунун 35 шайлоо участкасында мыйзамсыз камералар орнотулуп, добуш берүүнүн купуялуулугу бузулгандыктан, шайлоонун натыйжасы жокко чыгарылды. Шайлоо процессинин бардык катышуучулары техникалык жабдуулар мыйзамдар жана эрежелер так сакталганда гана иштей турганын түшүнүшү керек. Ар бир катышуучу өз жоопкерчилигин так билиши зарыл", – деди Шайназаров.

Өз кезегинде президенттин өкүлү Тилек Текебаев кайра шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик процесске аралашпай, бардык процедуралар мыйзамга ылайык өтөрүнө көмөк көрсөтөрүн билдирди.

Ошондой эле талапкерлерди жана алардын өкүлдөрүн мыйзам талаптарын сактоого чакырып, жарандардын шайлоого активдүү катышуусун камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүү керектигин белгиледи.