БШК төрагасы шайлоого катышкандардын санын кантип жогорулатууга болорун айтты

Коом Загрузка... 02 Сентябрь 2025 13:48
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында шайлоочулардын шайлоого катышуусун кантип жогорулатуу боюнча пландарын айтты.

Анын айтымында, шайлоочулардын келүүсүн жогорулатуу максатында БШК шайлоону жумуш күндөрү өткөрүүнү сунуштап жатат.

«Ошондой эле чет өлкөлөрдө добуш берүү участкаларынын санын көбөйтүүнү, Кыргызстандын аймагында жаңы участкаларды ачууну, "Манас" жана "Ош" аэропортторунда, өлкөдөгү чоң базарларда добуш берүү участкаларын ачууну пландап жатабыз. Көптөгөн жарандар базарларда жүрүшөт жана ошол жерден эле өз тандоосун билдире алышат. Ошондой эле Кой-Таш аскер бөлүгүндө да участок ачуу пландалууда», –деди Шайназаров.

Өз кезегинде депутат Гуля Кожокулова, шайлоо участкаларынын санын көбөйтүү жарандардын жарандык позициясын жогорулатпайт жана адамдар шайлоого кубануу менен келип калат деп айтуу кыйын экенин билдирди.

«Биз жарандарды шайлоого активдүү катышууга кантип ишендире алабыз? Акыркы убактарда биздин жарандар мамлекет алдындагы жарандык - укуктук милдетинен четтеп бара жатышат. Бул алардын укугу жана милдети экенин түшүнүшү керек. Шайлоо бүткөн соң “тандалгандар жаккан жок” деп нааразы болушат.

Шайлоону жумуш күндөрү өткөрүү демилгеси маселени чечүү эмес, жөн эле кошумча дем алыш күнү», — деди эл өкүлү.

Шайназаров БШК жарандар үчүн шарттарды түзүп жатканын жана эл арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.