Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуу графигин жарыялады.
Боршайкомдун маалыматына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча 30 көп мандаттуу шайлоо округдарынын талапкерлеринин шайлоочулар менен жолугушуулары 10-26-ноябрга пландаштырылган.
Жолугушууларды округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өткөрүшөт.
Жолугушуулардын графиги менен тиркемеден тааныша аласыздар.