Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 44 эл аралык байкоочу катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
БШКнын маалыматы боюнча, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү эл аралык байкоочулар катары аккредитацияланды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.
Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген.
Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492, чет өлкөлөрдө жалпы 91 шайлоо тилкеси түзүлдү.