Бишкек, 28.11.25 /Кабар/. БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун маалыматына ылайык, шайлоого 461 талапкер катышат. Бул тууралуу ал журналисттер үчүн өткөрүлгөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, башында 467 талапкер боюнча программалык камсыздоо иштерин жүргүзүү пландалган.
“Расмий каттоо аяктагандан кийин 6 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. Натыйжада шайлоого катыша турган талапкерлердин саны 461ди түзүүдө. Буга чейин чүчү кулак аркылуу катар номери берилген. Бирок шайлоого катышпай калган талапкерлердин номерлери өзгөрбөйт. Алардын аты-жөнү өчүрүлүп, номерине “каттоосу жокко чыгарылды” деген белги көрсөтүлөт”,-деди Бекматов.
Эске салсак, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ар бир округдан үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Жалпы жонунан 30 округдан 90 депутат шайланат.