Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону утурлай шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады.
БШКнын маалыматына ылайык, шайлоочулардын контролдук тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтардын негизинде “Кызмат” мамлекеттик мекемеси тарабынан түзүлүп, шайлоочулардын мамлекеттик “Тизме" порталында жайгаштырылды - https://tizme.gov.kg/. Шайлоочулардын тизмеси күн сайын жаңыланып турат.
Бүгүнкү күндө контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 4 млн 297 миң 40 адамды түзөт, анын 2 млн 82 миң 263ү (48,46%) эркектер жана 2 млн 214 миң 777си аялдар (51,54%).
Шайлоочулардын кагаз түрүндөгү толук тизмелери 10-ноябрга чейин 2492 шайлоо тилкелеринде илинет.
Жарандар өздөрүнүн шайлоо тилкесин кантип такташ керек?
- 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
- шайлоо тилкесинде;
- tizme.gov.kg сайтында;
- же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз).
Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда шайлоочу 19-ноябрга чейин (кошуп алганда) электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, tizme.gov.kg сайтында “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу.
Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан бул жол-жободон өтө алышат.