БШК: Шайлоочулар аралыктан добуш бере алышат

Шайлоо 25 сентябрь 2026 16:42
БШК: Шайлоочулар аралыктан добуш бере алышат
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын шайлоочулары каалаган шайлоо участкасына барып добуш бере алышат. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров “Кабар” агенттигине билдирди.

Төрага белгилегендей, парламенттик шайлоодо колдонулган аралыктан добуш берүү системасы бул жолу дагы колдонулат.

“Мурунку президенттик шайлоодо андай жок эле. Мунун максаты катышуучулардын санын жогорулатуу.
Андан сырткары, Жогорку Кеңеште байкоочуларга коомдук палата ачуу демилгеси көтөрүлдү. Ага ылайык, бир имаратта атайын зал уюштуруп, каалаган жаран каалаган шайлоо тилкесин ачып, шайлоо процессин көргөнгө мүмкүнчүлүк түзүүнү карап жатабыз”, - деди ал.

Ошондой эле Шайназаров шайлоонун жумушчу күнгө белгиленгенин жумушчу күнү шайлоо өткөрүлгөн мамлекеттерде катышуу жогору болгону байкалганын белгиледи.