Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өткөрүүгө техникалык жактан толук даяр, - деди БШКнын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева "Кабар" агенттигинин түз эфиринде.
Ал маалымдагандай, техникалык жабдуулар толугу менен жаңыланган.
"Биз жакында эле жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрдүк, ошондуктан бүгүнкү күндө биздин техникалык бөлүгүбүз толук даяр. Ошондой эле техникабыз кандай иштей турганын билүү үчүн жогорку окуу жайларда жана базарларда тестирлөөлөрдү жүргүздүк. Алдыдагы парламенттик шайлоонун алдында да техниканы кошумча тестирлөөдөн өткөрөбүз", — деп белгиледи Жупуева.
Эскерте кетсек, күн мурун Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттары өзүн-өзү тараткан. Маалым болгондой, кийинки парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында өтөт.