БШК шайлоо мыйзамдарына кирген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом Жүктөлүүдө... 23 Сентябрь 2025 09:44
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon БШК

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басарлары жана мүчөлөрү учурда өлкөнүн аймактарында жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуулар "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында уюштурулууда.

Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча калк арасында маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.