БШК шайлоо күрөөсүн төлөгөн талапкерлердин санын жарыялады

Шайлоо Загрузка... 03 Ноябрь 2025 16:08
123-1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясына алдыдагы шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 589ду түздү. Бул тууралуу Боршайкомдун төрагасынын орун басары Айдана Жупуева "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 30-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн жарандардын арызын кабыл алуу аяктады. 31-октябрдан тарта жумушчу топ каттоо үчүн талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн документтерди текшерүүнү баштады.

Ал шайлоого катышуу үчүн негизги эрежелерди тизметеди:
- Кыргыз республикасынын жарандыгы;
- 25 жашка чыккандыгы;
- добуш берүүгө укуктуу;
- жогорку билимдуү;
- мамлекеттик тилди билүүсү;
- акыркы 5 жылда республикада туруктуу жашагандыгы (иш сапарларга байланыштуу 6 айга чейинки уруксат берилген тыныгуулар менен).

Төмөнкү жактар талапкер боло алышпайт:

  • мурда соттолгон (анын ичинде жоюлган же жумшартылган);
  • кылмыш иштери реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча токтотулган (байкоосуздуктан жасалган кылмыштардын жана жабырлануучу менен жарашуулардын айрым учурларын кошпогондо);
  • диний ишмерлер диний ишмердүүлүгү токтотулгандан кийин беш жыл бою.

"Ошондой эле 2-ноябрга чейин шайлоо күрөөсүн төлөбөгөн талапкерлер дагы катталбайт. Акыркы маалыматтар боюнча, 589 талапкердин ичинен 506сы шайлоо күрөөсүн төлөдү. Күрөөнү төлөбөй коюу дагы парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартууга негиз болушу мүмкүн", - деп белгиледи БШКнын төрагасынын орун басары.