Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев бүгүн "Биринчи радионун" эфиринде Жогорку Кеңештин депутаттыгына канча талапкер шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн айтып берди.
Анын маалыматына караганда, күрөөнү 507 талапкер төккөн, жалпы сумма 147 млн 50 миң сомду түздү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү каттоодон баш тарткан талапкерлердин акчасы эмне болорун тактаган жок.