Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Кандидаттардын жана партиялардын шайлоо фонддоруна түшкөн бардык акча каражаттары так аныкталууга тийиш. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Бахадыp Коңуров билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Дастан Бекешев жакында каражат чогултуу башталганын жарыялап, «Мбанк» тиркемесинин QR-кодун жарыялаган. Бирок БШК өкүлүнүн айтымында, бул банкты пайдалануу белгиленген талаптарга жооп бербейт.
«БШК эки ыйгарым укуктуу банкты аныктаган — “Айыл Банк” жана “Элдик Банк”. Биз “Мбанк” аркылуу кимден акча түшкөнүн көзөмөлдөй албайбыз. БШК ыйгарым укуктуу банктардан күн сайын отчет алып турат, бул кайрымдуулар анонимдүү эмес экенин көзөмөлдөө үчүн», — деп түшүндүрдү Коңуров.
Ал ошондой эле мыйзам боюнча чет элдик компаниялардан, мамлекеттик кызматкерлерден жана диний ишмерлерден кайрымдуулук алууга тыюу салынганын баса белгиледи.
Мындан тышкары, БШК мүчөсүнүн айтымында, банктар юридикалык жактардын салыктарды төлөгөндүгүн текшерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
«Эгерде уюмдун төлөнбөгөн карызы болсо, анда сот аркылуу мыйзам бузуу аныкталса, бул каражаттар мамлекеттик бюджетке которулушу мүмкүн», - деп кошумчалады Коңуров.