БШК шайлоо бюллетендеринин текстин бекитти

Шайлоо Загрузка... 12 Ноябрь 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-10-02 at 13.13.12 (2).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 12-ноябрда БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө маселени карады.

Боршайкомдон маалымдашкандай, анда 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетендеринин тексти бекитилди.

Шайлоо бюллетенинде талапкерлердин кезектүүлүгү чүчүкулактын натыйжасына ылайык түзүлдү.