БШК өкүлдөрү Индияда шайлоо жаатында тажрыйба алмашууда

Коом 29 сентябрь 2026 11:35
829196538_1984584825524208_5243523483846032649_n.jpg
825329280_1061338466727966_1619926899885317335_n.jpg
829196564_1595090112080840_1893903322204898384_n.jpg
Алдыга
Артка
829196538_1984584825524208_5243523483846032649_n.jpg
825329280_1061338466727966_1619926899885317335_n.jpg
829196564_1595090112080840_1893903322204898384_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon БШК

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын институционалдык потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда.

БШКдан билдиришкендей, семинардын жүрүшүндө шайлоону башкаруу органдарынын кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын өнүктүрүүнүн эл аралык ыкмалары, улуттук шайлоо системаларынын өзгөчөлүктөрү жана окутуунун учурдагы программалары каралууда.

Ошондой эле катышуучулар институционалдык муктаждыктарды жана кесиптик өнүгүүдөгү боштуктарды аныктап, тажрыйба алмашууда.

Иш-чаранын жыйынтыгында өлкөлөр боюнча иш пландарын иштеп чыгуу жана шайлоону башкаруу органдарынын кесиптик даярдоо системаларын өнүктүрүү боюнча кийинки кадамдарды аныктоо пландалууда.