Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө акысыз жайылтууга тыюу салынбаган үгүт материалдардын жана товарлардын тизмегин бекитилди. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.
Ага ылайык, үгүт материалдардын жана товарлардын тизмеги түзүлдү:
- Басылма үгүт материалдары (газеталар, баракчалар, плакаттар, буклеттер, календарлар, открыткалар, талапкердин визиттик карточкалары, пакеттер);
- Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин (толук аты-жөнү) сүрөтү же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар төш белгилер;
- Талапкердин жана/же талапкердин (толук аты-жөнү) сүрөтү же саясий партиянын символикасы бар футболкалар, күрмөлөр;
- Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин толук аты-жөнү же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар баш кийимдер;
- Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар моюн ороочтор;
- Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин толук аты-жөнү же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар желекчелер;
- Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын символдору түшүрүлгөн аба шарлары;
- Талапкердин жана/же талапкердин (толук аты-жөнү) сүрөтү же саясий партиянын символикасы бар калемдер, карандаштар, кружкалар, блокноттор.
Белгилей кетсек, талапкерлердин арыздарын кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.
Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот.
Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492, чет өлкөлөрдө жалпы 91 шайлоо тилкеси түзүлдү.