Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн "Элдик Банк" жана "АБанк" ААКтарын аныктады.
БШКнын бүгүнкү жыйынында талапкерлердин шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын бир катар банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу жүргүзүүгө да уруксат берилди.
Мыйзамга ылайык, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер жана талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн шайлоо фондун түзүүгө милдеттүү. Фонд талапкердин же саясий партиянын өздүк каражаттарынан, ошондой эле жарандар менен юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарынан түзүлөт.
Шайлоо фонддорунун каражаттары атайын эсепке түшүп, шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу чыгымдарды жабууга гана пайдаланылат.